• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Алтай элдеринин каада-салттары, үрп-адаттары жана тарыхый тажрыйбасы ар тараптан изилдениши керек

Президент 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Бүгүн, Бишкекте Алтай элдеринин эл аралык симпозиуму өтүүдө. "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан жыйынга Түркия, Япония, Россия, Казакстан жана Түштүк Корея баштаган 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Симпозиум беш күнгө созулуп, эртең иш-чара Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат.

Жыйында президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев президенттин жыйындын катышуучуларына жолдогон сөзүн окуп берди.

"Сиздерди VIII Эл аралык Алтай элдеринин симпозиумунун алкагында өтүп жаткан Алтай элдеринин мал чарба цивилизациясына арналган илимий симпозиумдун ачылышы менен куттуктайм!

Алтай элдеринин маданияты дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлегени илимий коомчулукка жакшы белгилүү.

Бүгүнкү күндө Алтай элдеринин каада-салттары, ырым-жырым, үрп-адаттары жана тарыхый тажрыйбасы терең жана ар тараптан изилдөөгө муктаж.

Кыргызстандын илимий коомчулугу үчүн эле эмес, жалпы алтай таануу илими үчүн бүгүнкү симпозиумдун олуттуу мааниси бар.

Жаңы технология, илим-билимди колдонуу менен бирге ата-бабалар калтырган бул мурасты өркүндөтүү – мезгилдин талабы.

Ошондуктан бүгүн башталып жаткан илимий талкуу Алтай элдеринин маданиятынын айрым унутулуп бара жаткан өзгөчө тажрыйбаларын терең изилдөөгө чоң салым кошот деп ишенем.

Бүгүнкү илимий симпозиумдун ишине катышып жатышкан белгилүү илимпоздор Юлий Худяковго (Россия Федерациясы), Такахиро Озакиге (Япония), Рефик Туранга (Түркия Республикасы), Бао Вэн Шэнге (Монголия) жана башкаларга терең ыраазылык билдиребиз.

Бүгүнкү абройлуу эл аралык илимий жыйын миңдеген жылдарды камтыган көөнө маданиятты жалпы адамзаттын маданий мурастарынын бир бутагы катары изилдөөдө маанилүү кадам болуп калууга тийиш.

Урматтуу симпозиумдун катышуучулары!

Сиздердин изилдөөңүздөр жалпы алтай таануу, анын ичинде кыргыз таануу үчүн да олуттуу илимий саамалыктарга жол ачат.

Алтай элдеринин мал чарба цивилизациясына арналган эл аралык илимий симпозиумдун быйылкы отурумунун ишине ийгилик каалайм!", - деп айтылат президент сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий