• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Америкалык кеңештин БА жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старрды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда АКШнын тышкы иштери боюнча Америкалык кеңештин Борбордук Азия жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старрды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Фредерик Старр кыргыз тилинде жарык көргөн «Жоготулган Агартуу. Борбордук Азиянын «алтын доору» араб басып алууларынан Темирланга чейин» аттуу китептин автору. Бишкекте ал китебинин бет ачарын өткөрдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков китеп Кыргызстанда жакшы кабыл алынат деген ишенимин билдирди. Анткени анда ислам дүйнөсүндөгү гүлдөө доору жана кризис тарыхынын интеллектуалдык окуялары жана маданий салттары тууралуу жазылган. “Китеп тарыхчылар жана саясат тануучулар үчүн гана кызык болбостон, Борбордук Азиянын өтө бай тарыхын жана маданиятын таанып жана баалагысы келгендер үчүн дагы кызыктуу болот деп ойлойм. Китеп жазуудан тышкары сиз өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн саясат, дин, маданият, укук, энергетика жана айлана чөйрө тармагында проблемаларын дагы изилдегениңиз жакшы ”,-деп баса белгиледи Президент.

Өз кезегинде Фредерик Старр Президентти көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Борбордук Азия экономиканын, өндүрүштүн жана сооданын борбору болгонун белгилеп өттү. “Борбордук Азия кайрадан жаралууга тийиш жана Кыргызстан бул иште олуттуу милдет өтөй алат. Аймактын, анын ичинде Кыргызстандын дагы өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү абдан чоң “, -деди Фредерик Старр.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө автор Президент Сооронбай Жээнбековго өз китебин белек кылып берди.

Пикир

Оставить комментарий