• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Ангела Меркельди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Германиянын элин жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркельди Германия Федеративдүү Республикасынын улуттук майрамы — Германиянын биримдик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы Германия элин Германия Федеративдүү Республикасынын улуттук майрамы — Германиянын биримдик күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Биздин эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу саясий диалогдун жана кызматташуунун ар кандай деңгээлинде ишенимдүү байланыштар түзүлгөнүн канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достук жана кызматташтык биздин мамлекеттердин жана элдердин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы өнүгө берээрине ишенем», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркельге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматында мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос Германия элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий