• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Анкарадагы Айтматов атындагы көчөдөгү улуу жазуучунун бюстуна гүл койду

Президент 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына эки күндүк расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Ч. Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кечээ, 9-апрелде Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды улуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын белгилеген. “Менин Түркияга расмий сапарым “Айтматовдун жылына” туш келди – бул тарыхый окуя”, - деп баса белгилеген Мамлекет башчысы.

Ч. Айтматов атындагы көчөдө бюст орнотуу идеясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине таандык жана жазуучунун 2014-жылы белгиленген 85 жылдык мааракесине арналган. Бул идеяны Анкара шаарынын мэриясы колдоп, бюстту даярдоого каражат бөлгөн. Бюсттун автору кыргыз бедизчиси Чынгыз Шакеев.

Пикир

Оставить комментарий