• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Антикоррупциялык жаңы стратегия — акыркы жылдарда жасап жаткан иштин ырааттуу уландысы болууга тийиш

Президент 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. «Антикоррупциялык жаңы стратегия — биз акыркы жылдарда жасап жаткан иштин ырааттуу уландысы болууга тийиш», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Коопсуздук кеңешинин жыйынында Дамир Сагынбаев 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоору менен тааныштырды.

Президент мурдагы антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясы 2012-жылы, 8 жылдан ашык убакыт мурда кабыл алынганын, ал республика туш болгон ошол кездеги чакырыктарга жана коркунучтарга жооп бергенин эске салды.

«Бирок, коррупцияланган чиновниктер өздөрүн бүтүндөй мамлекетке каршы коюп, саат сайын бизге чакырык таштап, улам жаңы коррупциялык механизмдерди ойлоп табышууда. Биз антикоррупциялык мыйзамдарды тынбай жакшыртып турууну улантышыбыз керек. Мезгилге шайкеш кадам таштап, бул тармактагы эл аралык мыкты тажрыйбаны иликтеп, талдап туруубуз арыл. Эң жакшы ыкмаларды жана антикоррупциялык механизмдерди биздин күнүмдүк ишибизге колдонууга киргизүүбүз керек. Алар биздин өлкөгө, биздин коомдун менталитетине гана тийиштүү болгон коррупциялык көрүнүштөрдү эске алат жана аларга каршы туруунун таасирдүү механизмдерин иштеп чыгат», — деп эсептейт Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Стратегиянын жаңы долбоору коррупцияны алдын алууга багытталган көп сандаган практикалык иш-чараларды камтыганын баса белгиледи. Жаңы коррупцияга каршы стратегияда коюлган бардык максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн 82 конкреттүү антикоррупциялык иш-чаралар иштелип чыккан. Ошондой эле, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жаңы Стратегиясында конкреттүү ишке ашыруу мөөнөтү 2024-жылга чейин деп белгиленген.

Мамлекет башчысы бардык укук коргоо органдары бул маселеге мүмкүн болушунча даяр турушу керектигин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле коррупция менен күрөшүүдө жарандардын колдоосу маанилүү экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий