• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков Апрель революциясынын күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент 0

Бишкек, 07.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Кайрылуунун текстин толугу менен келтиребиз;

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман калайык-калкым!

Бүгүн элдик Апрель революциясынын күнү.

Өлкөбүздү алдыга, жаркын келечекке, өнүгүүгө үндөгөн, элибиздин азаттык сезимин, эркиндик духун, саясий эркин даңктаган улуу күн.

Биздин эл авторитардык бийликти, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну эч убакта кабыл албай турганын далилдеди.

7-апрель — жаңы доордун саясий, экономикалык жана коомдук чоң өзгөрүштөрдүн башталышы жана жаңылануунун башаты.

Апрель элдик революциясынын чыныгы баасын, бийик баркын эстен чыгарууга акыбыз жок!

Урматтуу мекендештер!

7-апрель — өлкө тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири.

Биз элибиздин эркиндиги, бакубат жашоосу, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн шейит кеткен мекендештерибиздин каармандыгын эч качан унутпайбыз.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койдум.

Кадырман кыргызстандыктар!

Апрель элдик революциясы мыйзамдуулук, бийликтин толук ачыктыгы жана адилеттүүлүгү гана элдин ишенимин кайтарып, коомдун ынтымагын жана биримдигин камсыз кылаарын көрсөттү.

Апрель революциясынын идеяларын, максатын турмушка ашыруу — биздин ыйык парзыбыз.

Биздин максатыбыз — өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу, эркин, укуктук жана күчтүү мамлекет кылуу.

Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан тайбайт.

Элибизде аманчылык, ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!

Жараткан сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий