• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдын алдында 2010-жылдагы Апрель революциясынын катышуучулары, жабыркагандар жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абал боюнча пикир алышуу болду.

Жолугушуунун катышуучулары Апрель революциясынын катышуучуларына, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көрсөтүлүп жаткан колдоого ыраазычылык билдиришти.

Коррупцияга каршы күрөш, өлкөнү санариптештирүү, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана башка системдик өзгөрүүлөр боюнча президенттик багыттарды колдоорун билдиришти.

Алар ошондой эле, мамлекет башчысы маалымат жыйынында коомчулуктун эң актуалдуу суроолоруна жооп бергенин жана көп маселелер, анын ичинде аларды тынчсыздандырган маселелерге да жооп алышканын кошумчалашты.

Жолугушуунун катышуучулары Апрель революциясынын 10 жылдыгын уюштурууга байланыштуу маселелерди, айрым мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ашыкча бюрократиялашуу маселелерин көтөрүштү.

Президент өлкөнүн тарыхында Апрель революциясынын өзгөчө орду бар экенин белгилеп, анын идеяларын бекемдөө жана толук ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына даярдануу жана аны өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу комитети тарабынан тийиштүү деңгээлде иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Жаркын Элес», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» элдик кошуундар кыймылынын өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков салттуу түрдө жылына эки жолу 2010-жылдагы Апрель революциясынын катышуучулары, жабыркагандар жана курман болгондордун туугандары менен жолугушууларды өткөрүп турат.

Буга чейин алар менен мамлекет башчысы 2019-жылдын 2-апрелинде Апрель революциясынын кезектеги жылдыгынын алдында жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий