• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 22.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жыл жыйынтыкталаар алдында Элдик апрель революциянын катышуучулары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуну ылайык тапкандыгын белгиледи. Анткени бүгүнкү катышуучулар менен 2018-жылдын 5-апрелинде жолугушуп, анда жылына эки жолу отурум өткөрүү сунушу колдоого алынган эле.

«Узап бараткан жылыбыз жакшы жылдардан болду. Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук, элибизде ынтымак сакталып турду. Эми келерки жылыбыз дагы Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн жакшы жылдардан болсун. Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр жана жакшылыктарды каалайм», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы көйгөйлөр жана актуалдуу маселелер, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикирлерин билдирип, апрель революциясынын катышуучуларынын жеке турмушундагы социалдык маселелер тууралуу ойлорун ортого салышты.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын көтөргөн маселелери боюнча өз пикирин айтып, алардын бардык суроолоруна жооп берди.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» ыктыярдуу элдик кошуунунун өкүлдөрү, Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий