• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков апрелдин аягында Кытайга барат

Президент 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ушул айдын аягында "Бир алкак – бир жол" деген аталыштагы эл аралык форумга катышуу үчүн Кытайга барат.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, КР президенти КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 26-27-апрель күндөрү Пекинге барат.

"Жумушчу сапардын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу каралган жок. Бирок биз учурда кытайлык кесиптештерибиз менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУ саммитинин алдында күтүлүп жаткан мамлекеттик сапарына активдүү түрдө даярдык көрүп жатабыз", - деп билдирди Сыдыков.

Андан тышкары, ал билдиргендей, учурда эки тараптуу документтерге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Алар: саясий алакаларды бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, илимий-техникалык планда жана ШКУнун алкагында тыгыз кызматташуу жана башка эл аралык уюмдар боюнча байланышты бекемдөө тууралуу.

"Ал эми ШКУ маселесине келсек, анда бүгүнкү күндө биз төрагалык кылган тарап катары бир катар эксперттик жыйындарды өткөрдүк. Саммиттин алдында үч ири жолугушуу өткөрүү пландалган: коргоо министрлеринин, коргоо Кеңешинин катчыларынын жана тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин", - деп билдирди Сыдыков.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Бишкекте 2019-жылдын июнь айында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий