• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Ар бир өлкөнүн келечеги акылдуу, билимдүү жаштардан көз каранды

Президент 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. «Ар бир өлкөнүн келечеги акылдуу, билимдүү жаштардан көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы катышып жаткандар 160 миңден ашык студенттердин арасынан билими, аракети менен суурулуп чыгып, сыноодо татыктуу жеңишке жеткендерин белгилеп, аларды президенттик стипендия алышы менен куттуктады.

«Келечекте Кыргызстанды өнүктүргөн, өлкөнүн атын чыгарган, элдин сыймыгы болгон, кийинки муунга үлгү болгон адам болгула», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков азыр мамлекеттин дүйнөлүк картадагы ордун аныктоодо өлкөнүн интеллектуалдык ресурсу, калкынын ден соолугунун мыктылыгы, башкача айтканда, адам капиталынын сапаты биринчи орунга чыккандыгын баса белгиледи.

Ал белгилегендей, бир канча убакыт өткөндөн кийин жаш муунга өлкөнү алдыга карай жетектөө милдети артылат, бул үчүн чыныгы патриотизм, сапаттуу билимге ээ болуп, өлкөнү мындан ары өнүктүрүп кетүү максаттарына жетүү үчүн талыкпас эмгек талап кылынат.

Президент азыркы дүйнө тез алмашып жатканын, жаңы кесиптер пайда болуп, кээ бир кесиптер жок болуп баратканын баса белгиледи.

Ошол себептүү, мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири учурдун талабына ылайык билим берүү. Жакынкы убакта билим берүүнүн башкалардан артыкчылыктуу багыттарын ичине камтыган жаңы стратегия кабыл алынып, атаандаштыкка туруштук бере турган билим берүү системасы түзүлөт.

«Кандай гана ишмердүүлүк болбосун, аларда интеллектуалдашуу процесси жүрүп жатат. Глобалдуу атаандаштыкка билимдүү гана коомчулук туруштук бере алат. Келечек силерден кайсыл убакта, кайсыл жерде болбосун жаңы билимди табууну талап кылат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле өлкөнү санариптештирүү жана экономиканы технологиялык жактан жаңылоо сапаттуу даярдыгы бар мыкты кадрларды талап кыларын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик стипендиянын лауреаттарына өзгөчө үмүт артыларын белгилеп, аларга бекем ден соолук, бакыт жана бакубатуулук каалап, ошондой эле келе жаткан Жаңы жылдары менен куттуктады.

Маалымдама:

Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында республика боюнча 31 ЖОЖдун 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий