• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Ар бир жаңы мектеп — илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол

Президент 0

Бишкек, 01.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» конушундагы № 96 мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы мектептин жамаатын жана окуучуларды 1-сентябрь — Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Президент белгилегендей, Билим күнүндө республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жылдын аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат.

«Мына ошол жаңы билимканалардын арасында бүгүн салтанаттуу түрдө ачылып жаткан силердин мектебиңер да бар. Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал жаңы мектеп ак жолтой болуп, көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.

Ошондой эле мугалимдерге кайрылып, алар окуучуларга терең билим берүү үчүн билимин тереңдетип, замандан артта калбай өсүшү керектигин, алар канчалык көп билсе, окуучулар да ошончолук билимдүү, тың болушарын айтты.

Ата-энелерди балдардын келечеги үчүн мектептин чыныгы күйөрмандары, колдоочулары болуп, мугалимдер жамааты менен бир үй-бүлөдөй болууга чакырды.

«Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо. Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат. Ошондуктан, педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Силер өлкөбүздүн келечегисиңер. Канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков жана окуучуларга жолу ар дайым ачык болуп, билим дүйнөсүнө сапары байсалдуу болушун каалады.

Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков мектептин директору Гүлянда Асановага окуу китептерин, мультимедиялык жабдыктарын жана керектүү спорт жабдыктарын сатып алууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды жана мектептин имаратын, кабинеттерин көрүп чыкты.

Маалымдама:

«Ак-Ордо» конушундагы № 96 мектеп азыркы стандарт боюнча 960 окуучуга ылайыкталган. Объект колдонууга 2018-жылдын августунда берилди. Мектеп толугу менен тиешелүү эмеректер жана жабдыктар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий