• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Аравандагы ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Ош облусунун Араван районундагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин маалыматы боюнча Араван районундагы Керкидан айылындагы ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү боюнча долбоор толугу менен бүткөндөн кийин 2654 га жерде суунун жеткиликтүүлүгү жакшырат, ошондой эле жыл сайын суу жоготуулары да азаят.

Курулуш иштери 2018-жылдын январь айында башталып, бүгүнкү күндө дээрлик аяктап калды. Каналдардын жалпы узундугу болжол менен 60 км түзөт. Долбоор Дүйнөлүк банктын көмөгү менен ишке ашырылууда.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ош облусунун Араван районунун Керкидан жана Эсенбай айылдарындагы жана Ноокат районунун Кур-Таш, Каримберди айылдарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Курулуш иштери жакынкы убактарда аяктаары күтүлүүдө.

Курулуш иштеринин толук бүткөрүлүшү менен аталган айылдардын үч миңдей тургуну таза суу менен камсыз болот.

Аталган долбоор республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылууда.

Анын долбоордук-сметалык жалпы наркы 62,6 миллион сомду түзөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков ирригациялык тармактарды жакшыртуу жана аларды модернизациялоо — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба потенциалын көтөрүү маселелери менен тыгыз байланышта экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы сугат суу системасын жолго коюу жаңы сугат жерлери менен жумушчу орундарын түзүүгө, ички миграцияны кыскартууга жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.

Президент мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүүсү керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Белгилей кетсек, өлкөнүн ирригациялык тутумун өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыздоо ири улуттук долбоорлор жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 2026-жылга чейин үч этап менен ишке ашырылууда. Биринчи жана экинчи этаптын алкагында 2024-жылга чейин 31 суу чарба объектиси пайдаланууга берилет, жыйынтыгында 27 миң га жаңы сугат жери өздүштүрүлөт жана 46 миң га жердин суу менен камсыздалышы жакшырат.

2018-2019-жылдары республика боюнча 1364 га жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 3296 га жердин мелиоративдик абалы жана 3569 га жерде суу менен камсыз кылуу жакшырган.

Акыркы үч жылда өлкөнүн 107 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. 2018-жылы аталган долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 350 млн сом, ал эми 2019-жылы 500 млн сом бөлүнгөн.

2024-жылга чейин 715 айылда инфратүзүмдүк курулуш иштерин жыйынтыктоо жана жаңылоо пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө 588 айылдын тизмеси түзүлүп, жалпысы 33 млрд сомдук каражат булактары аныкталды. Таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик каржылоодон сырткары өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары жигердүү тартылууда.

Жалпысы жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий