• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Армения Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү. Саммит бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Никол Пашинян эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн, кыргыз-армян мамилелеринин, анын ининде эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Армения Премьер-министри Никол Пашинян өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөөгө өз ара даярдык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий