• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Никол Пашинянды Армения Республикасынын Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелер бекемделип жана өнүгө берет деп ишенем», - белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян таанышканына кубанычта экенин жана куттуктоолор үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Биз ЕАЭБдин алкагында гана эмес, эки тараптуу тартипте дагы конструктивдүү иштешүүгө белсенип турабыз. Кыргызстан менен салттуу достук
мамилелер бекемделе берет», - деп белгиледи Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян.

Пикир

Оставить комментарий