• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков аскер учагынын кыйрашына байланыштуу Алжирдин Президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдель Азиз Бутефликага Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын кыйрашынын натыйжасында көп адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адам каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына чын ниеттен кайрат айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий