• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоорумду кабыл алыңыз.
Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана мамлекеттик ишмердиктеги бай тажрыйбаңыз бир тууган Азербайжандын мындан аркы гүлдөп өнүгүшүнө жана анын эл аралык кадыр-баркынын өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Ильхам Алиевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий