• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге Баку шаарындагы республикалык наркологиялык диспансердеги өрттөн улам көптөгөн адамдар каза тапкандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуубузду, бул трагедиянын кесепетинен жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу телеграмасында.

Пикир

Оставить комментарий