• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Азия Өнүктүрүү банкынын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде, Кыргыз Республикасынын Презденти Сооронбай Жээнбеков Азия Өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы АӨБ менен биргелешкен кызматташуунун оң тажрыйбаларын канааттануу менен белгиледи жана экономиканы өнүктүрүүдө, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу учурдагы кырдаал жана дүйнөдөгү иш чөйрөсүнүн активдүүлүгүнүн басаңдашы күч-аракеттерди бириктирип, антикризистик чараларды биргелешип ишке ашырууну талап кылып жаткандыгын баса белгиледи.

АӨБ президенти Масацугу Асакава коронавирус пандемиясы Азия жана жалпы дүйнө өлкөлөрүнүн калкынын саламаттыгы менен экономикасына олуттуу коркунуч болуп саналаарын айтты.

Мындай татаал мезгилде АӨБ илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жумшартууга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырарына ишендирди.

Ал АӨБ бюджетти колдоо менен катар коронавирус инфекциясынын таасиринен жабыркаган калктын социалдык аялуу катмары үчүн гранттык жардамдарды берүү мүмкүнчүлүгү карап жаткандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий