• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков. Азыркыга керек президенттин бейнеси

Шайлоо 2017 0

Өлкө чоӊ саясий окуянын босогосунда турат. Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы аяктоого жакындап, төрт күндөн кийин кыргызстандыктар өз тандоосун жасайт. Алдыдагы алты жылда өлкөнүн тагдыры ушуга байланыштуу.

Сурамжылоолорго, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын сурамжылоолоруна караганда Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Кыргызстандын көпчүлүк калкы жактырып турушкан Сооронбай Жээнбековдун ийгилиги эмнеде?

Көпчүлүктүн аны колдоп жатышынын себептери, Сооронбай Жээнбековдун карапайым эл эӊсеген өлкө президентине тиешелүү бардык талаптарга жооп берген сапаттарга ээ болгонунда.

Элге салабаттуу, акылгөй президент керек. Жөнөкөй кыргызстандык башкаларды туурап, тумандаган социалдык-экономикалык эксперименттерди башынан өткөргүсү келбейт. Эл экинчи Швейцария болобуз деген куру кыялдан, чет элдик ар кандай таӊууланган эрежелерден тажап бүткөн. Мунун баары кесепеттүү аяктаган, чындап келгенде мындай авантюралык долбоорлор мамлекеттин кепилдиги менен четтен эптеп эле грант же кредит алып, аны сол чөнтөккө солой коюунун шылтоосу болчу.

Ошондуктан кыргызстандыктар Жээнбековго ишенип турушат, ал тоодой алтынды убада кылган жери жок, бирок көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү жолу менен экономиканы туруктуу өнүктүрүүнү айтып жатат. Сооронбай Жээнбеков бир нече президенттик жарлык чыгара койсом эле баары гүлдөп жатып калат дегенден алыс. Жөнөкөй зоотехниктен премьер-министрге чейинки жолду басып өткөн адам бул үчүн бардык мамлекеттик кызматкерлердин тынымсыз мээнети жана өз милдетин так аткаруу керектигин жакшы билет. Болгон күч-аракет күнүмдүк кыйынчылыктарды чечүүгө жана өлкөнүн алдыга суурулуп чыгышы үчүн бардык негиздерди түзүүгө жумшалат.

Эӊ башкысы - Сооронбай Жээнбековдун программасынын өзөгүндө карапайым адам турат. Социал-демократ катары Жээнбеков социалдык мамлекет идеясынан эч качан кайткан эмес. Ал эми социал-демократтар бийликте турган өлкөнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, азыркы социалдык мамлекетте жогорку өнүккөн, эффективдүү, социалдык багыттагы экономиканын негизинде гана ийгилик жаралышы мүмкүн. Социалдык мамлекетте экономикалык саясат – мамлекеттик жөнгө салуу жана конкуренцияны кеӊейтүү, жарандардын өз бакубатчылыгын оӊдоо демилгесин колдоо жана өнүктүрүү чаралары айкалышып турушу керек.

Ишке мындай мамилени Сооронбай Жээнбеков жогорку кызматтарда далай ирет көрсөткөн. Ал дайыма жөнөкөй адамдардын кызыкчылыгын коргоп келет жана анын көпчүлүк демилгелери ушуга багытталган. Жээнбеков калкынын үчтөн эки бөлүгү айылда жашаган Кыргызстандын шартын дайыма эске алат.

Жээнбековдун кайра иштетүү тармагына 6 пайыздык кредит берүү жөнүндөгү чечими бул адам элдин абалын жана муктаждыгын жакшы биле тургандыгынын далили. Анын тереӊ ишеними – аймактар көтөрүлсө бүтүндөй өлкөнү өргө тартып, аймактарды шаардын деӊгээлине чейин жеткирип, жумуш орундары менен камсыз кылып, ички миграцияны чече тургандыгы - Аймактарды өнүктүрүү концепциясын түзүүгө алып келген.

Сооронбай Жээнбековдун дагы бир – ирригацияны өнүктүрүү жана жердин асылдуулугун сактоо мамлекеттик программасы “Стратегия -2040” концепциясына кирип, Кыргызстандын жол картасы болуп калды. Жээнбековдун кийинки айыл жерине жасаган кадамы, райондун, айылдын калкын жумуш менен камсыздоо болуп саналат. Ал өзүнүн жер-жерлерде 30 миӊ адамды жумуш менен камсыздоо убадасын ишке ашат деп эсептейт, эксперттер да аны жүзөгө ашырууга боло тургандыгын айтышууда.

Сооронбай Жээнбеков социал-демократ катары билимдин маанисин жакшы түшүнөт жана Кыргызстандын башкы ресурсу – билимдүү адамдар экенин дайыма белгилеп келет.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий