• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Бүгүнкү ачык коомдо бардыгы алаканга салгандай көрүнүп турат

Президент 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-августта Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош облусунун жана Ош шаарынын укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы жолугушууну максаты — укук тартибин коргоо, мыйзамдуулукту чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулоо экенин баса белгиледи.

Президент 2019-жылдын 1-январынан тартып Жазык, Жазык-процесстик кодекстердин, Жоруктар жөнүндө кодекстин жана башка мыйзамдардын жаңы редакциялары күчүнө кирээрин белгиледи. Аларда ыкчам жана тергөө аракеттерин өткөрүү жаңыча каралган жана биздин жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган башка жаңы иш аракеттер киргизилген.

Жогорку Кеңеште «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн. Мында милиция, финансы полициясынын, бажы кызматынын жана жазаларды аткаруу кызматынын органдарында ишке кабыл алуунун, кызмат өтөөнүн жана иштен бошотуунун бирдей тартиби каралган.

Президент сот системасында, укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө реформалардын жүрүшү тууралуу маалыматты укту, бул ведомстволордо реформаларга карата даярдыкты текшерди.

«Бул реформалар өлкөнүн тагдырын чечет. Биз базаны өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, бирок аны турмушка сиздер ашырышыңыздар керек. Ошол эле учурда жарандардын бийликке ишенимин бекемдөө зарыл», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал жакында өткөрүлгөн борборунда адам жана аны өнүктүрүү маселеси турган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулаган жыйын туурасында эске салды.

«Адамдын кызыкчылыктарына, анын өнүгүшүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө каршы келгендердин баарын жоюш керек. айрыкча сот системасында жана укук коргоо органдарында. Адамдардын кыйынчылыктарын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула. Эл силерге ишенбей калды. Ал эми силердин туура эмес ишиңер, чечимиңер бийликке, Президентке элдин ишенимин кетирип жатат! Силердин деңгээлде чечиле турган көп арыздар мага келип жатат, анткени силер аларды чечпей жатасыңар», -деп баса белгиледи Президент.

Президент финансылык полиция, милиция органдары бизнестин кызыкчылыктарын коргоого тийиш, анткени алар жумушчу орундарды түзүп, салык төлөшөт деп белгиледи.

«Бирок силер аларды коргоонун ордуна бизнести кысымга алып жатасыңар. Эгерде мыйзамды коргой турган органдар ошол мыйзамды өздөрү бузуп жатышса, анда жарандарыбыз бийликке, Президентке кантип ишенет?», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал катышып жаткан жетекчилерди жарандардын арыздарына жакшылап көңүл бөлүүгө, бизнести коргоого, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аёосуз күрөшүүгө чакырды.

«Бүгүнкү ачык коомдо бардыгы алаканга салгандай көрүнүп турат. Саясый чөйрөдө атаандаштык түзүлдү, бизнесте дагы ушул сыяктуу ачык атаандашууга шарт түзүш керек. Аны үчүн бардык бизнесмендерге аларды коргоо боюнча бирдей шарттарды түзүү зарыл», — деди Президент.

Региондорду өнүктүрүү маселеси боюнча кеп кылып келип, Мамлекет башчысы бул демилгени бардык кыргызстандыктар колдоорун белгиледи. Себеби региондорду өнүктүрүү менен биз калктын аялуу катмарын, социалдык жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жетим-жесирлерди жана кары-картаңдарды колдоп жатабыз.

«Чет мамлекеттердеги биздин мекендештерибиз, мигранттар жана ишкерлер региондорду өнүктүрүү демилгеси боюнча мамлекетти колдоого даяр», -деп Президент жергиликтүү бийликтерди региондорду өнүктүрүүгө көмөктөшөм, кайра иштетүүчү ишканаларды ачам дегендерди мобилизациялоого, фонддорду түзүүгө, фермерлерди жана ишкерлерди колдоого чакырды.

Ошондой эле Мамлекет башчысы жетекчилерди балдар бакчаларын реформалоого, балдарды үй-бүлөлөргө кайтарууга же бекитип берүүгө, кары-картаңдарга жардам берүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий