• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Бүгүнкү шартта ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү актуалдуу болуп калды

Президент 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. «Бүгүнкү шартта ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы Биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурду, - деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Биринчи керектелчү продукцияларды жеткирүүдө „жашыл коридорлорду“ түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ага карабастан, Биримдиктин айрым мүчө-мамлекеттери тарабынын көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан, тоскоолдуктарды жоюунун колдо бар механизмдери натыйжасыз болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Комиссиянын тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдери кээ бир мүчө-мамлекеттер тарабынан толук түрдө аткарылбай жатканын белгилөө менен Мамлекет башчысы ЕЭК Коллегиясына тоскоолдуктарды жойбогондорго карата айыппул санкцияларын колдонуу боюнча ЕАЭБ Сотуна кайрылуу укугун берүүнү сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Европадан жана Украинадан Кыргыз Республикасына келе турган товарлар менен жүктөрдүн эркин транзитин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Пикир

Оставить комментарий