• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду

Президент 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө» жарлыктарга кол койду.

Жарлыктардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий