• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков БАЭ премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий визитинин алкагында БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенишүү маселелери талкууланды.

Вице-президент, БАЭнин премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, КР президенти менен жолугушуу ал үчүн сыймык экенин белгиледи.

Ал БАЭ жана Кыргызстандын элдерин көчмөн маданияты жана жылкыларга болгон өзгөчө мамиле байланыштырганын баса белгиледи.

Өзүнүн резиденциясында жылкы багаарын айтып, Кыргызстанда ат фестивалдары өтүп турабы деп кызыкты.

Мухамед бин Рашид Аль Мактум Жээнбековдун БАЭге сапары өз убагында болгонун жана эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде Жээнбеков жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстанда өткөн «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» жөнүндө айтып берип, ал жакта спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өткөнүн кошумчалады.

Алардын көпчүлүгү ар түрдүү багыттардагы ат үстүндөгү спорттук оюндарга кирет.

Жээнбеков соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын белгилеп, дагы бир жолу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баса белгиледи.

Жээнбеков БАЭнин премьер-министрин Кыргызстанга сапар менен келип, улуттук ат оюндарына күбө болуп кетүүгө чакырды.

БАЭнин премьер-министри кызыкдарлыгын билдирип, Кыргызстанга инвестицияны кайсы артыкчылыктуу багыттарга салса болоорун иликтеген делегацияны жиберерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий