• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Байыркы кыргыз элинин тарыхын аты алтын тамгалар менен жазылган инсандар көркөмдөп турат

Президент 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Байыркы кыргыз элинин тарыхын аты алтын тамгалар менен жазылган инсандар көркөмдөп турат, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Жайыл районунуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Мамлекет башчысынын айтымында, байыркы кыргыз элинин тарыхын аты алтын тамгалар менен жазылып, ысымы ызаат, урмат-сый менен эскерилген инсандар көркөмдөп турат.

"Дүйнөгө улуу адамдарды берген байыркы эл катары, кыргыздын тарых-таржымалы сыймык менен айтылат. Биз, бүгүнкү муун, кыргыз элине Манас, Баласагын, Кашкари, Калыгул, Токтогул, Барпы, Жеӊижок, Саякбай сындуу аталарыбызды буйруганы үчүн Жаратканга ыраазыбыз. Ушул залкар инсандардын мураскери болгон журт экенибизге, дүйнөлүк маданиятка улуу замандашыбыз Чынгыз Айтматовду берген эл экенибизге сыймыктанабыз", - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Бул залкарлардын улуу жолун улантуу – биздин ыйык парз экенин эч качан эстен чыгарбайбыз, - деп кошумчалады өлкө башчысы.

"Бүгүн ушундай сейрек жаралчу инсандардын катарын толуктаган, кыргыз журту сыймыктанган, аты аӊыз болуп айтылып, даӊкы кыйла жерге жеткен, айтылуу Кожомкул атабыздын элесине таазим эткени чогулуп олтурабыз. Баарыӊыздарды атактуу Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм!", - деп баса белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий