• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Бакубат жашоонун, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек

Президент 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. «Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде.

undefined

Мамлекет башчысы жогорку мамлекеттик сыйлыктарды алып жаткандарды куттуктап, бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.

«Сиздерге сыйлык тапшыруу мен үчүн чоң сыймык. Сыйлыгыңыздар кут болсун. Эл үчүн жасаган эмгек эч качан жерде калбайт. Элдин эсинде, урпактардын сезиминде, тарыхтын барактарында калат»", - деп баса белгиледи президент.

Мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды алгандардын арасында коомдук ишмерлер, куруучулар, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова, дүйнөгө комузду таанытып, кыргыз күүсүн жер шарына даңктап келген атактуу комузчу Самара Токтакунова, кыргыздын руханий дүйнөсүн байытууга зор эмгек жасаган Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков жана кыргыз илимин өркүндөтүүгө ири салым кошкон көрүнүктүү окмуштуу Мухаммаджан Мамасаидов жана башкалар бар.

Пикир

Оставить комментарий