• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Балдар – эң ыйык байлыгыбыз, кубанычыбыз, эртеңкиден үмүтүбүз

Президент 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу балдарым!

Бүгүн биз эл аралык коомчулук менен бирге 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгилеп жатабыз.

Кыргызстан 25 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялаган.

Балдар калктын аярлуу бөлүгү катары мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге муктаж.

Ар бир баланын татыктуу жашоого жана кеңири келечекке ээ болуу укугун камсыздоо - коомубуздун да, мамлекеттин да негизги милдети.

Үй-бүлөдөгү мыкты тарбия – коомдун руханиятынын асылдыгынын, мамлекеттин бекемдигинин булагы. Биздин балдарыбыз ата-энесинин жана жакындарынын мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын доорун үй-бүлө чөйрөсүндө сүрүшү керек.

Кымбаттуу балдарым!

Биздин эң ыйык байлыгыбыз, кубанычыбыз, эртеңкиден үмүтүбүз, жашообуздун маңызы – силерсиңер!

Силерге чың ден соолук, бактылуу балалык каалайм!

Ар дайым асманыңар ачык, маанайыңар жарык болсун! Акылдуу, чынчыл, адептүү, ата-энеңерге кайрымдуу, билимдүү жана мекенчил болуп чоңойгула!

Майрамыңар менен!”

Пикир

Оставить комментарий