• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков балдар үйлөрү менен интернаттарды реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-июнда «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда интернет тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча иш-чаралардын жүзөгө ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова балдар үйлөрү менен интернаттарды реформалоо боюнча мамлекеттик органдарды колдоо жаатында бейөкмөт секторлор тарабынан иштер улантылып жатканын белгиледи.

Буга чейин өлкөнүн өкмөтүнө жиберилген 14 сунуштаманын ичинен бүгүнкү күндө 60%ы аткарылганын, калган бөлүгү ишке ашырылып жатканын билдирди.

Жүргүзүлгөн иштердин ичинен кыйла маанилүү натыйжага балдар үйлөрү менен интернаттардагы балдардын маалыматтык базасын автоматташтыруу иштелип чыкканын кошсо болоорун белгиледи. Мындай чара Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине балдар мекемелерине жиберилген ар бир баланын абалы жөнүндө мониторинг жүргүзүүгө, каттоону системалаштырууга жана ашыкча каттоону жоюуга өбөлгө түзөт.

Анын маалыматы боюнча бул чара балдар үйлөрүндөгү балдардын санынын кыскарышына жакшы таасир болду.

Мындан сырткары, Назгүл Турдубекова жалпы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө инклюзивдүү билим берүүнү киргизүү оң болгондугун белгиледи. Ал балдардын жашаган жерине жараша инклюзивдүү билим алуусу үчүн шарттарды түзүүгө жакшы түрткү болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бейөкмөт сектордун мамлекеттик органдар менен үй-бүлө институтун бекемдөө, балдардын толук кандуу өнүгүшү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, балдарды колдоо жана коргоо боюнча натыйжалуу кызматташуусун улантуунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бул багыттагы акыркы жылдарда жүргүзүлгөн иштер өзүнүн оң натыйжаларын бергендигин айтты.

Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, жетим балдарды, оор турмушта жашаган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды талаптагыдай социалдык жактан коргоону камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында аталган маселелер мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары аныкталганын жана мындан ары да ошондой болорун кошумчалады.

Эске салсак, 2018-жылдын июль айында өлкө президенти менен болгон жолугушууда Назгүл Турдубекова балдар үйлөрү менен интернат тибиндеги мекемелер системасын реформалоо жөнүндө демилгесин билдирген.

Кийин президенттин аппаратында жумушчу топ түзүлүп, өкмөткө сунуштамаларды иштеп чыккан. Учурда жарандык сектордун көмөгү менен бул багыттта тиешелүү министрликтердин иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий