• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Балдарды камкордукка алган, карыларын сыйлаган коом өз өлкөсүнүн жаркын келечегин кура алат

Президент 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Балдарды астейдил камкордукка алган, кары-картаңдарына урмат-сый менен мамиле кылган ыймандуу коом гана өз өлкөсүнүн жаркын келечегин жарата алат. Бул тууралуу бүгүн, 20-январь күнү президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде билдирди.

Ал белгилегендей, бюашка артыкчылыктуу багыттар менен катар быйыл балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

"Ата-бабаларыбыз улууну урматтаган, жетим-жесирди камкордукка алган, боорукердикти негизги жашоо эрежеси катары кабылдаган нарктуу коом куруп кетишкен. Тилекке каршы, азыркы доордо зомбулук күчөп, кары-картаң, балдар кароосуз калган учурлар көбөйүүдө. Ошондуктан балдарды колдоо жылы деп жарыяладык. Максатыбыз – нукура улуттук баалуулуктарыбызды сактап калууга, бекемдөөгө жапырт киришүү" , - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий