• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Балдарды окутуу жана тарбиялоо - мамлекеттик мааниси бар эң олуттуу иш

Президент 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. «Биз балдарды окутууну жана тарбиялоону - мамлекеттик мааниси бар эң олуттуу иш катары карашыбыз керек. Улутубуздун, мамлекетибиздин келечеги мына ушуга байланыштуу», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда балдарга арналган жаңы жылдык салтанатта.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков балдарга айткан жаңы жылдык сөзүндө балдардын сүйүнгөнүн, ачык маанайын көрүп, ал үчүн бүгүнкү күн абдан кубанычтуу болгонун белгиледи. “Кандай гана иш-чараларга катышпадым, ушундай балдардыкындай таза, чын дилинен чыккан кубанычты көргөн эмес элем. Баарыбыз ушундай балалык кездеги тазалыгыбызды сактап кала алсак, дүйнө кандай гана болуп өзгөрмөк! Азыр силер менен чогуу жаңы жылдык жомокту көрүп, өзүмдүн балалыгымды эстедим. Баарыбыз От жөнүндө уламышты көрдүк. От – бул жашоонун символу. От менен коломто – үйдүн куту. Жаңы жылда эч бир үйдүн очогунда от өчпөсүн. Жомок мага абдан жакты”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал үлгүлүү жүрүм-туруму, мыкты окуусу, билимге жана жашоого умтулуусу менен бүгүнкү майрамдык кубанычты тартуулаган балдарга ыраазычылык билдирди. “Мен силердин жүзүӊөрдү карап, өлкөбүздүн келечегин, эгемендүү Кыргызстандын мыкты жаштарын көрүп турам. Силер ата-эненин мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын кучагында, телегейи тегиз жетилип, окууну мыкты аяктап, элибиздин керегине жараган алдыӊкы адамдардан болосуӊар деп ишенем! Силерди карап, Кыргызстаныбыз гулдөп-өнүгөт деп ишенем. Биздин өлкөнүн эң сонун өсүп келе жаткан жаңы мууну бар. Жаш кыргызстандыктардын эл аралык фестивалдарда, сынактарда, спорттук мелдештерде жетишкен ийгиликтери тууралуу укканымда абдан сыймыктанам! Мисалы, жакында эле биздин кичинекей кыргызстандыктар АКШдагы хоккей боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль жеңип келишти. Бүгүн алар биз менен бирге ушул залда отурушат. Аларды куттуктайбыз! Азаматтар!”, - деп Президент Сооронбай Жээнбеков залда отургандар менен бирге жаш чемпиондорду кубаттады.

Мамлекет башчысы ата-энелерге жана тарбиячыларга кайрылып, балдардын талантын жана шыгын өркүндөтүүгө көбүрөөк көңүл бөлүүгө чакырды. “Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, жаш муундардын келечегине биз, улуулар жоопкер экенибиз ар дайым эсибизде болсун. Баланы окутууну жана тарбиялоону - мамлекеттик мааниси бар эң олуттуу иш катары карайлы. Балдарыбызды бак-таалайга, сүйүүгө жана мээримге бөлөп, өстүрүп-жетилтүү үчүн мамлекет менен ата-энелер, бүт коомубуз биргелешип аракеттенели. Улутубуздун, мамлекетибиздин келечеги мына ушуга байланыштуу”, - деп белгиледи Президент.

Сөзүн жыйынтыктап, ал балдарга келе жаткан жыл алар үчүн бактылуу, жакшы жыл болуп, бардык кыялдары менен үмүттөрү орундалышын каалады. Жаңы жылда окууда да, спортто да, үйдө да ийгиликтер коштоп жүрсүн деди. “Аны үчүн күнүгө эмгектениш керек. Анткени эмгек менен гана баардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңүүгө болот. Мекенибиздин жана мамлекетибиздин келечеги силердин колуңарда. Үлгүлүү жүрүм-турум жана мыкты окууңар менен силер Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканыңарды унутпагыла. Жаңы жылда ар дайым жаныңарда ата-энеңер, жакындарыңар колдоп турсун. Жаңы 2018-жылды шаңдуу жана кызыктуу тосуп, көп белектерди алып, чыныгы кереметтүү окуяларга күбө болушуңарга тилектешмин! Ден-соолугуңар чың болсун, окууӊарды ийгиликтер коштосун, бакты-таалайлуу болгула!” – деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өткөрүлгөн жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ айылындагы үй-бүлөлөрдүн балдары, АКШда өткөн хоккей боюнча эл аралык мелдештеги жеңүүчү балдар жана башкалар катышты. Балдарга театрлаштырылган жомок тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий