• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барды

Президент 0

Бишке, 17.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Л.Толстой атындагы жана № 10 Манас орто мектептерине барды.

Л. Толстой атындагы мектептин директору Инна Насибулинанын маалыматына ылайык, бул мектеп инновациялык гимназия болуп саналат.

Гимназия жергиликтүү бийлик, ата-энелер комитети жана бүтүрүүчүлөр менен тыгыз иштешип келет. Мисалы, 1984-жылы мектептин бүтүрүүчүлөрү тарабынан «Чоң танапис» кайрымдуулук фонду түзүлүп, ремонтко 34 миллион сом бөлүп беришкен. Ашкана, гимнастика залы, жер төлөдөгү бөлмөлөр ремонттолуп, жаңыланган, кол эмгек бөлмөсү жабдуулар менен жабдылган.

Мектептин бир корпусу толугу менен ремонттолуп, кичи класстар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө мектептин айлана-чөйрөсүн жана спорттук аянтты жакшыртуу иштери жүрүп жатат.

Мэриянын демилгеси менен 2,7 миллион сомдук грант мектептин айланасын тосууга бөлүнгөн, республикалык бюджеттен 11,7 миллион сом ремонттук иштерге каралган.

960 орундук мектепте 1562 окуучу окуйт.

Мектептин имаратын жана окуу бөлмөлөрүн көрүп чыккан Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдер жана окуучулар менен маектешип, жетекчиликтин жана коллективдин жасаган иштерине канааттануу билдирди.

Президент мектептин бүтүрүүчүлөрү чет өлкөдө жүрсө да өздөрүнүн кичи мекениндеги билим берүү системасына салымын кошуп жатканын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле сырттан демөөрчүлөрдү тартып, башка директорлорго да жакшы үлгү көрсөтүп жактандыгы үчүн мектептин директоруна ыраазычылык билдирди.

№ 10 Манас мектептин директору Венера Айтиеванын айтымында, мектептин имараты 1991-жылы салынган. Анда 868 окуучу билим алат. 1991-жылдан тарта мектепте капиталдык ремонт жасалган эмес. Учурда мектеп терезелерин алмаштырууга жана ысытуу системасын жаңылоого муктаж.

Шаардык мэрия мектепти гранттык колдоого кошуп, терезелерди алмаштырууга тендер жарыялаган жана ысытуу системасын толугу менен алмаштыруу үчүн сметаны түзгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков мектеп имаратын карап чыгып, № 10 Манас мектебинде тез аранын ичинде ремонттук иштер жасалышы керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы бул мектептердин республиканын башка окуу жайлары сыяктуу санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышып жатканын ыраазычылык менен белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий