• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков Балыкчынын "Акылдуу шаар" жана "Коопсуз шаар" долбоорлору менен таанышты

Аймак 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында бүгүн, 17-майда, Балыкчы шаарында «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору менен таанышты. Балыкчы шаарынын мурдагы мэри, учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов аталган долбоорлор боюнча презентация жасады.

Анын маалыматына ылайык, «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Балыкчыда айрым кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер башталды.

Бул иш-чаралардын алкагында 2018-жылы башталган муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо боюнча иштердин аягына чыгып, Географиялык маалыматтык системасынын негизинде Маалыматтык автоматикалык системасын түзүү жана муниципалдык менчикти инвентаризациялоо боюнча иштердин комплекси ишке кирүүдө.

Программаны ишке ашырууга 3375,0 миң сом сарпталган. Акча каражатынын 1580,0 миң сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү Фондунан, калган акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралган.

Электрондук реестр, шаардын электрондук картасы түзүлүп, Муниципалдык мүлк боюнча электрондук платформа иштей баштайт.

2019-жылга карата Санариптештирүү боюнча иш-чараларга 10 млн сом каралды. Каржылоо булагы — Ысык-Көлдү өнүктүрүү Фонду.

«Акылдуу поликлиника» долбоору ишке ашат. Шаардык бейтапканада «Электрондук кезек» системасы киргизилет жана электрондук кезекке тиешелүү терминалдар бейтапканада орнотулат.

2019-2020 окуу жылынан тартып шаардын мектептеринде электрондук күндөлүк системасы киргизилет жана окуучунун социалдык паспорту түзүлөт.

Шаардык бейтапканада жана ооруканада электрондук амбулатордук карта системасы киргизилет.

Электрондук муниципалитет долбоорунун алкагында Балыкчы шаарынын мэриясына келип түшкөн арыздарды, иш кагаздарды электрондоштуруу планга киргизилет.

Аталган багыттар боюнча тиешелүү техникалык тапшырыктар түзүлүп, жакында тендер жарыяланып, иштер аткарыла баштайт.

Ал эми «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында шаарга эки типтеги видеокамералар коюлду. Биринчиси — аппаратттык-программалык комплекстин негизинде айып пулдарды салуу боюнча камералар жана экинчиси — жол эрежесин бузууларды каттаган камералар.

Мындан тышкары, коомдук коопсуздуктун максатында шаарга 38 чакырым опто-волокондук кабель орнотулуп, 84 видеокөзөмөл камералары коюлду. Алар чоң жолдордун кесилишинде жайгашып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүндөгү абалды анализдөөчү борборго онлайн түрүндө видеону көрсөтүп турат. Видеокөзөмөл аркылуу бүгүнкү күндө 19 кылмыш иши ачылды.

Санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу — учурдун негизги талабы экендигин айтып, Жээнбеков санариптештирүү боюнча ушул жана башка долбоорлорду бардык региондорго жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий