• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Башка мамлекеттердин облус-шаарлары менен бир туугандык мамилени жандантуу керек

Президент 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. «Башка мамлекеттердин бир тууган облус-шаарлары менен мамилени жандантып, алар менен кызматташуудагы толук потенциалды колдонуу керек», — деп белгиледи президенти Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы филармониясында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен аракеттенүүсү начарлап кетти.

«Дээрлик баардык облустарыбыз, ири шаарларыбыз башка мамлекеттердин облус, шаарлары менен бир туугандык мамилелерди түзүшкөн, орусча айтканда „побратимы“ болгон. Эки облустун ортосундагы келишимдерге кол коюлган. Шаарларды, облустарды өнүктүрүү үчүн өнөктөштөрдү, инвесторлорду издөө керек. Биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу керек. Мына ушул мүмкүнчүлүк да пайдаланылбай келүүдө. Өнүккөн мамлекеттер, облустар бар силер дос болгон, ошол жактан инвестор тартып, биздин бизнес менен алардын бизнестерин тааныштырып, а лдыңкы технологияларды тартыш, алар менен иштеш дагы көз жаздымда калып кетти», — деп айтты Жээнбеков.

Ал айрыкча Россия, Кытай мамлекетинин, коңшу Казакстан, Өзбекстандын жакшы технологияларын колдонуу керектигин белгиледи.

«Бул маселени колго албай, чыныгы аракет жасабастан, муну дагы таштап койдуңар, ал эми бул абдан чоң потенциал. Бул биздин мамлекеттик бийликтин биринчи негизги милдети, айрыкча жергиликтүү бийликтин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, акимдердин милдети. Ошол аймактарда иштеп жаткан бизнесмендерди өнүгүп жаткан башка мамлекеттердин бизнесмендери менен тааныштырып, жолугушуусуна шарт түзүп, чогуу ээрчитип барып тааныштырыш керек. Жок дегенде жылына сыртка чыгып бирден долбоор алып келсеңер дагы 40 районго жылына 40 долбоор менен сыртта н инвесторлор келет. Мына ушуну дагы колго алгыла», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий