• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекеттик органдарда жана укук коргоо тутумдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 2018-жылы жана 2019-жылдын 1-кварталындагы прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги жөнүндө маселелер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин аткаруу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы жана 27-декабрындагы чечимдерин жана “Сот реформасын жүргүзүүнүн алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн, ошондой эле жаңы жазык-укуктук мыйзамдарда көрсөтүлгөн чараларды толук көлөмдө ишке ашыруунун маанилүү экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий