• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков Баткен облусундагы бир катар өнөр жай объектилеринин ишмердиги менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусундагы бир катар өнөр жай объектилеринин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы өзүнө бетон заводун, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводду жана башка өндүрүштүк цехтерди камтыган Кадамжай районундагы “Бетон стандарт” ишканасына барды.

Ишкананын жетекчиси Сайидумархон Муккарамов быйылкы жылы кошумча инвестицияларды тартып, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, орто эсеп менен күнүнө 500 куб чейин бетон, 8-10 миң бетон буюмдарын, 800-900 тонна кум шагыл чыгарууга жетишүү пландалганын билдирди.

Андан соң Президент Кызыл-Кыя шаарындагы «Кант ТШП» ЖЧКсы курган шифер заводунун иши менен таанышты.

Заводдун жетекчиси Санжар Капаров өндүрүштүн бир жылдык көлөмү дээрлик 1,1 млрд сомдук 3,7 млн шиферди түзөрүн маалымдады. Ишкана 150 адамды жумуш орду менен камсыз кылат.

Заводго сарпталган инвестициялардын жалпы көлөмү дээрлик 298 миллион сомду түзгөн. Өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген каражаттары тартылган.

Өндүрүлгөн продукциялар Баткен жана Ош облустарынын ички рыногунда сатылат. Келечекте Өзбекстан жана Тажикстанга экспорттоону баштоо пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков аты аталган ишканалардын өндүрүшүнүн көлөмүнө ыраазы болуп, бүгүнкү күндө каржы институттардын жеңилдетилген насыялык ресурстарын жер-жерлерге тартуу үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн эске салды.

Мамлекет башчысы ушундай ишкерлердин жигердүү позициясы аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык абалы бекемделип, жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлүп, бюджетке түшкөн социалдык төлөмдөр жана салыктар көбөйүп жаткандыгын белгиледи.

Эске салсак, жер-жерлерде өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнү колдоо жана көмөк көрсөтүү аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий