• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы орто мектепке барды

Президент 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында, Баткен шаарындагы С. Айтматов атындагы орто мектепке барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы окуу класстарын, спортзалды көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен пикир алышты. Республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп жүргөн мектептин волейбол боюнча кыздар командасына өзгөчө көңүл буруп, алардын машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашууда президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында билим берүү тармагын өркүндөтүүгө, балдарды окутуу процессине алдыңкы санарип технологияларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Мектеп мугалимдери айлык маянанын жогорулаганы сезилерлик болгонун ыраазычылык менен билдиришти. Ошондой эле санариптештирүү боюнча долбоорлор окуу процессин иш жүзүндө кантип жакшыртып жатканы жөнүндө айтып беришти. Мектеп окуучуларынын облустук олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишип жатышкандыгын сыймыктануу менен белгилешти.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1978-жылы колдонууга берилген бул мектептин абалы тууралуу маалымат берди.

Балдар жаңы мектеп имаратына муктаж болуп жатканын билдирди.

«Биз дүйнөлүк аренада бир гана билимдүү жаштар менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Андыктан, билим берүүнүн сапатын жогорулатып, жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков жана мугалимдерге талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылыгын айтты.

КР өкмөтүнө мектепке жаңы имарат куруу боюнча сунуштама берилери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий