• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Баткендеги 18 ишканалык өнөр жай аймагын куруу боюнча долбоор менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай аймагын куруу боюнча долбоор менен таанышты.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов өнөр жай аймагын жана анын объектилерин куруу боюнча Мамлекет башчысына маалымат берди.

Ал айткандай, бүгүнкү күнгө карата жалпы 176,5 га жер аянтын «Айыл чарба» багытындагы жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» багытына трансформациялоо» күтүлүүдө.

Трансформациялоо боюнча процедуралар бүткөн соң бул жер тилкесинде индустриялык соода-логистикалык борборун, дене-тарбия жана ден соолукту чындоо комплекси, ун комбинаты, курулуш материалдар заводу, бут кийим фабрикасы, жүн жана тери иштетүүчү завод, таштандыларды кайра иштетүүчү завод, нефтебаза, машина жыйноочу цех, тоо-кендерин иштетүүчү комбинат, жылуулук электр станциясы ж. б. сыяктуу 18 ишканаларды куруу пландалууда. Натыйжада 1200 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Шаар мэринин айтымында, өткөн жылы шаарга 86 млн сомдук инвестиция келген, ал эми 2019-жылдын 6 айы ичинде 220 млн сом инвестиция тартылды. Бул каражатка 2020-жылга чейин өнөр жай аймагында бир нече ири ишканаларды ишке киргизүү болжолдонууда.

Ошондой эле ал коомдук уюмдардын көмөгү менен шаарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн наркы 100 млн сомдук көп батирлүү үй курулууда.

Мамлекет башчысы бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда экспортко багытталган ишканаларды курууга басым жасоо зарылдыгын белгиледи. Бардык зарыл коммуникацияларды жана инфраструктураны курууга өзгөчө көңүл буруу керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарынын тургундарына жана жетекчилигине алардын шаарды жана шаарга жакын жайгашкан территорияларды өнүктүрүүгө багытталган аракеттерине ийгилик каалап, регионалдык долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшүү үчүн мамлекет бардык зарыл чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий