• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлдү

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. «Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлдү. Бажы төлөмдөрүн онлайн тастыктоо системасы киргизилди. Натыйжада, төлөмдү тастыктоо зарылдыгы жокко чыгарылды. Буга чейин банк менен бажынын ортосунда ишкер 1-2 күн кетирчү, эми андай зарылдык жок», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жаткан 14 өткөрмө пунктунун негизги товар өтүп турган 9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тейлөө жайына онлайн-байкоо системасы киргизилди. Жалпысынан 506 видеокамера коюлду, анын ичинен 13 видеокамера «Түндүк» системасына интеграцияланды. Каалаган жаран бажыдагы ишкерлерди тейлөө процессине интернет аркылуу байкоо жүргүзө алат. Алты өткөрүү пункттарында автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси (сканер) ишке киргизилди.

«Аталган комплекс киргенге чейин текшерүү 2 сааттан тартып бир нече күнгө чейин убакытты алчу, азыр 5-10 минут убакытты алат. Бажыга товарларды киргизүүдө бажы органдарын алдын ала маалымдоо системасы киргизилди. Буга чейин бир унааны бажылык тейлөө процесси 3-5 саатка чейин жетсе, бүгүн 10-15 минутту түзүүдө», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүдө адам факторун жоюу максатында санарип технологиялар киргизилүүдө. Электрондук төлөмдөр жана мобилдик банкинг системалары иштей баштады. Электрондук патент, электрондук эсеп-фактуралары жана электрондук салык отчеттулугу боюнча долбоорлор иштей баштады.

«Былтыр 191 мамлекеттик кызматтар жана сервистер электрондук форматка өттү. Бардык мамлекеттик органдар „Түндүк“ системасына кошулду», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, ыктыярдуу негизде электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди. Айрым товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн лицензия берүүнү автоматташтыруу аяктады.

Белгилей кетсек, ишкердик субъекттеринин укуктарын, жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында Бизнес-Акыйкатчы институту киргизилди. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү күчөтүү максатында «Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк борбору» түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий