• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков бажыдагы коррупция жана Райымбек Матраимов тууралуу айтты

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан жыл аягындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйында бажыдагы коррупция жана Райымбек Матраимов тууралуу суроого жооп берди.

Ал, коррупцияны толук жоюп салбаса да, аны кыскартарын билдирди.

"Бажы бардык өлкөлөрдө киреше алып келген тармак. Ал жерде чоң акча каражаты айланат. Чоң каражат айланган жерде коррупция бар. Бизде бажыда коррупция бар. Ал жашыруун эмес. Аны мен да айтып жатам. Бажы тармагы биз эгемендүү мамлекет болгондон баштап, 90-жылдардан бери май-талкандуу, коррупциялашкан адамдардын уюгу болуп келген. Билесиңер, ар бир президенттин башкаруусунда – эл арасында дагы деле айтылып жүрөт – өзүнүн "капчыктары" ("кошолегу") болгон. Менин максатым бажыда, салыкта же башка тармакта болобу ошол "капчыктарды" жок кылуу", - деди ал.

Президент Райымбек Матраимов боюнча да айтып өттү.

"Элибиздин коррупцияны жек көрөрүн билип коррупционерлер, алардын саясий технологдору Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Мен да муну аягына чыгарганга кызыкдармын", - деди ал.

"Азыр Улуттук коопсуздук комитетинин алдында атайын тергөө тобу түзүлдү. Айтылган фактылар боюнча укук коргоо органдары иштей баштады. Айтылган нерсе юридикалык жактан бекемделиши керек. Айтканды барып эле камай албайбыз да. Учурда 2 депутат, Матраимов, Ширин Айтматова келип, сурак беришти. Анын мүлкү боюнча 13 мамлекетке суроо жөнөтүлдү", - деди ал.

Жээнбеков белгилегендей, өлкөдө кандай гана иш болбосун президент катары ал жооп берет.

"Матраимов 23 ноябрда кызматтан кетти. Мен 24-ноябрда кызматка кириштим. Мага чейин болду. Бирок мен туура түшүнүп турам. Учурда мамлекеттин президенти – Сооронбай Жээнбеков. Кандай гана саясий окуя, кандай иш болбосун мен чечишим керек. Мурун же кийин болгонун эл карабайт. Бирок мен президентмин, мен жооп беришим керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Муну эске алып, учурда бажы кызматын толук фискалдаштыруу жана санариптештирүүгө өткөрүүдөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий