• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков БДБ Борбор Азия боюнча аймактык директору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда биргелешкен кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги, ошондой эле 2017-жылы өлкөнүн 4 айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, учурда Өкмөт тарабынан 2040-жылга чейин Стратегиянын долбоору иштеп жатат, анын негизинде 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасына даярдыктар боюнча иштер башталат. Өкмөт башчы Бүткүл дүйнөлүк банкты жогоруда аталган Стратегияны иштеп чыгууга жана техникалык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кароого, өлкөнү өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү программасында камтылган долбоорлорду каржылоого активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында жана өлкөдө ишкердиктин шарттарын жакшыртуу үчүн жалпы улуттук жогорку технологиялык «Таза Коом» долбоору боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

«Таза Коом» долбоорунун негизги ядросу Digital CASA долбоору болуп саналат, ал Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн бөлүктөрүн Интернетке туташтыруу үчүн аймактык транс чек аралык телекоммуникациялык байланышты түзүүгө багытталган», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен бирге Өкмөт башчы Дүйнөлүк банкка Digital CASA долбооруна иш чараларды каржылоонун алкагында мурда беитилген 20 дан 50 миллионго чейинки АКШ доллары суммасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк банктын өлкө бюджетин колдоого багытталган Саясий өнүгүүгө колдоо көрсөтүү операциясынын жаңы программасы боюнча демилгесине ыраазычылыгын билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, банк тарабынан «Таза Коом» долбоорунун алкагындагы иш чараларды каржылоону кеңейтүү мүмкүнчүлүгү сөзсүз каралат.

Жолугушууда Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жаңы жетекчиси Болормаа Амгаабагазар тааныштырылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кеңсенин азыркы башчысы Жана-Мишель Хаппиге Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташууну бекемдөөдөгү кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кеңсенин жаңы жетекчиси менен алдыдагы жемиштүү кызматташууга үмүт артты.

Пикир

Оставить комментарий