• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү — Бельгия Королдугунун улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү жана Бельгия Королдугу башынан өткөргөн оор сыноолорго карабастан, Бельгия Королдугунун эли учурдагы пандемияга туруштук берет деп ишенебиз. Ошол эле учурда мен Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугу менен түзүлгөн достук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигин белгилегим келет», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Король Филиппке бекем ден соолук, узак өмүр, ал эми Бельгия элине ийгиликтертерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий