• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Бельгияда Федерика Могерини менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарындагы Европа институттарына жумушчу визитинин алкагында Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда ЕС менен Кыргызстандын кызматташуу келечеги талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча диалогду улантып жатканына кубанычта экендигин баса белгиледи.

“Биз Европа союзу менен кызматташууга артыкчылыктуу маани беребиз, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү максатында маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз. Кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайбыз. Биз ЕС тарабынан көрсөтүлүп жаткан демократия принциптерин чыңдоого жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган жардамды жогору баалайбыз”, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Кыргызстан кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө жаңы Макулдашууну иштеп чыгуу маселесине олуттуу маани берээрин жана тездетилген режимде консультация өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. ЕС менен Макулдашууга кол коюунун актуалдуулугу саясий диалогду чыңдоодо жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан тандап алган парламенттик демократия, экономикалык жактан туруктуу жана стабилдүү мамлекет куруу, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, мыйзамдын артыкчылыгын, социалдык адилеттүүлүктү, толеранттуулукту, басма сөз эркиндигин коргоо жана пикирлердин плюрализмин камсыз кылуу багытынан тайбастыгын баса белгиледи.

Президент ошондой эле регионалдык кызматташуу маселелерине дагы токтолуп, Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара мамилелердин динамикасы өсүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини ЕС Кыргызстандын демилгелерин толук колдойт, Кыргызстандын Президенти тарабынан айтылган өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга мындан ары дагы көмөк көрсөтөт деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий