• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм!

Президент 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. “Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм!”, - деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Мен үчүн 2010-жылы үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы чыгып, курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры жөн гана сөз эмес. Бул – менин да кайгым, менин да трагедиям. Ошондуктан, бул теманы саясий чайкоочулукка айландырууга жол бербейм! Эл тарабынан шайланган президент катары үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм!”, - деп билдирди Мамлекет башчысы.

Ал үй-бүлөлүк режим жөнүндө айткандан тажабагандар олуттуу бир факторду эске албай жатышканын, бул – коомчулуктун аң-сезиминдеги артка кайтпас өзгөрүүлөр экенин белгиледи.

“Биздеги эң чоң жетишкендик – күчтүү жарандык коом. Ачык коомдо эч качан үй-бүлөлүк, деги эле кландык башкарууга жол берилбейт. Президенттик кызматтагы менин мамлекеттик ишмердигиме жакындарымдын же туугандарымдын эч кимиси таасирин тийгизе албайт”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Пикир

Оставить комментарий