• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Бийликтин бардык бутактары элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгында бирдиктүү жана эриш-аркак иштеши керек

Президент 0

Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтин баардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берээрин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгында бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи. “Алмазбек Шаршенович Атамбаев ден соолугун жана күчүн аябастан, өлкөгө туруктуулук орнотту. Тиешелүү мыйзам чыгаруучу базабыз бар. Бизден иштеш жана ар бирибиздин милдетибизди так аткарыш гана талап кылынат. Биздин милдет – Кыргызстанды өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү, улуттук кызыкчылыктарды коргоо. Бийликтин баардык бутактарында коррупцияга каршы күрөшкө болгон күчүбүздү жумшоо”, - деп белгиледи Президент.

Ал өз турмуштук тажрыйбасын жана аткаруучу, мыйзам чыгаруучу бутактарындагы иш тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө багыттоого даяр экенин эскертти. “Жетиштүү иш тажрыйбамдан улам, баардык бийлик бутактарына конструктивдүү иш-аракет жүргүзүүгө жардам берүүгө даярмын”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле парламент аткаруучу бийликке бардык жагынан жардам берип, элге жана мамлекетке керектүү жана маанилүү долбоорлорду колдоп туруш керектигин белгиледи. Ошондой эле Өкмөттө да уланта турган, ийгиликтүү жыйынтыкты талап кылган, калктын жашоосун жакшырткан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бир канча долбоорлору бар. Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздашы керек.

Пикир алмашуудан кийин мамлекет башчысы жакын арада ар бир бийлик бутагынын артыкчылыктуу маселелерин жана багыттарын терең талкуулоо үчүн өзүнчө жолугушуу өткөрүү ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий