• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков: Билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрү мен үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт болмокчу

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. Билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрү мен үчүн дайым аартыкчылыктуу багыт болуп келген жана мындан ары да болмокчу, деп билдирди Чолпон-Ата шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусуу учурунда Кыргызстандын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков.

«Мен мугалимдердин бардык көйгөйлөрүн жакшы билем, анткени эмгек жолумду мугалимдиктен баштагам”, - деди президенттикке талапкер. С.Жээнбеков белгилегендей, мугалим болуу – абдан жооптуу жана татаал иш. Азыркы тапта билимберүү тутумун реформалоону тездетүү – замандын талабы экендиги анык. Андан тышкары, мугалимдердин айлыгын көтөрүү да маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

«Мугалимдин айлыгынын көлөмүн экономика боюнча орточо деңгээлге жеткирүүнү улантуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү деңгээлге жеткирүү зарыл. Ошондой эле педагогикалык багыттагы студенттер үчүн стипендиялык фонду жогорулатуу керек”, - деп баса белгиледи С.Жээнбеков. «Жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү, татыктуу иш шарттарын түзүү, алардын социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн, турак-жайга байланышкан маселелерин чечүү зарыл. Премьер-министр болуп турган кезимде мугалимдер менен бюджет чөйрөсүндө иштегендерүчүн ипотекалыктурак-жайдын жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Мен жетектеген өкмөт булл маселени карап, чет элдик компаниялар менен пайыздык үстөктү 7 пайыздан 5 пайызга чейин түшүрүү жана ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”, - деп айтып берди С.Жээнбеков.

Анын сөзүнө караганда, 2016-жылы 115 мектеп менен бала бакча, оорукана, маданият объектилери курулган. Ушул жылдын аягына чейин дагы 105 объект ишке берилет. Интернетке 700дөн ашуун мектеп кошулат. Кийинки жылдын аягына чейин бардык мектептердин Интернетке кошулуусуна шартт үзүлөт.

Мындант ышкары, мугалимдердин эс алуусун камсыздоо максатында С.Жээнбековдун өкмөтү Билим берүү министрлигине “Асыл” пансионатын өткөрүп берди.

Сооронбай Жээнбеков дарыгерлер менен башка медициналык мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү маселесинин да маанилүү экендигин баса белгиледи. Ал премьер-министр кезинде булл үчүн каражат табуну тапшыргандыгын айтты. «Дарыгерлер мамлекетте маанилүү ролду ойношот. Алар элдин саламаттыгынын сакчысы эмеспи. Ошондуктан, алардын жашоо деңгээлин көтөрүп, мыкты эмгек шарттарын түзүү абдан маанилүү маселелерден болуп саналат», - деп билдирди президенттикке талапкер.

С.Жээнбеков анын өкмөтү жетишкен экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн шарапаты менен мугалимдердин жана дарыгерлердин материалдык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр жаралгандыгын айтты.

  • Даярдоочу: КУМА «Кабар»
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов көч. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий