• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков биометрикалык паспорт сатып алуу тендеринин айланасындагы абал боюнча өз пикирин билдирди

Президент 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. «Мен жарандык сектордун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам, бирок шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам». Ушундай пикирин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумунда биометрикалык паспортторду сатып алуу тендеринин айланасындагы абал боюнча билдирди.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, санариптештирүү анын президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет.

«Ошондуктан мен бул чөйрөдөгү бардык маселеге кылдат көнүл бурам. Жакында эле Мамлекеттик каттоо кызматы тармагындагы тендерге байланыштуу жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул коомдо резонанс жаратты. Мен коомчулуктун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам. Биздин жарандык коом абдан күчтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам. Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек. Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузулса, анда ким болсо да жоопкерчилик тартышсын», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, укук коргоо органдары да мыйзамды катуу карманышы керек. Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, ал премьер-министр болуп иштеп турганда Кара-Балта жолун куруу боюнча тендердин тегерегинде да ызы-чуу чыккан.

«Эми азыр паспорт тендери да ызы-чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек. Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Тендер жараянынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий