• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ар бир облуста ишке ашырууну колдойт

Президент 0


Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылындагы “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун ишмердиги менен таанышты.

Мамлекет башчысы чыгарылган продукцияларды – кийизден жана териден жасалган түрдүү буюмдарды, экологиялык жактан таза кайра иштетилген айыл чарба продукциясын, азык-түлүктөрдү көрүп чыгып, ар бир айыл жана район жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алаарын белгиледи.

“Биз кайра иштетүү ишканаларын куруу ниети жана тиешелүү долбоорлору бар айыл ишкерлерине өзгөчө көңүл буруудабыз. Бардык финансылык, кредиттик, бюджеттик саясатты дагы региондорго бурдук. Биздин өлкөдө аймакты көтөргүсү келген адамдар көп, аларга колдоо керек. Ошону колго алып жатабыз”, - деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырыла баштаган «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Япон эл аралык кызматташтык агенттигине (JIKA) ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий