• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Мамлекет башчысы мамлекеттик сыйлыктар жана жогорку наамдарды алып жаткандарды куттуктап, алардын ак эмгектин, талыкпаган изденүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үзүрү менен алкоого арзып, мамлекеттик сыйлыкты алып жаткандарын белгиледи.

Сыйлангандардын арасында — энергетика менен тоо кен тармагына өмүрүн арнаган аксакалдар Карыпбек Алымкулов жана Орозбек Дүйшеев, эгемен Кыргыз армиясынын калыптанышына эмгеги сиңген генерал Исмаил Исаков, профессор Сыртбай Мусаев, алыскы тоолуу айылдын мугалими Гүлүмкан Тургунбаева, балдар акыны Каныбек Жунушев, белгилүү обончу, аткаруучу Атайбек Бөдөшев, сатирик Абдылда Иманкулов, профессор Любовь Зубехина, парламент депутаты Азамат Арапбаев, зоотехник-селекционер Орозбек Алимжанов жана башкалар бар.

Мындан тышкары, Президент Ефим Борисович Якирь атындагы автордук физика-математика мектебиниин окуу комплексинин ишин белгиледи. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча бул 61- мектептин бүтүрүүчүлөрү ар дайым 200 баллдан ашык алышып, алтын сертификаттардын ээси болушат. «2018-жылы ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 40 пайызы 200 баллдан ашык алышып, 11 окуучу алтын сертификаттарга татыктуу болушкан. Мектеп иштеп жаткан жылдары 167 окуучу эл аралык олимпиадаларга катышышкан. Биздин өлкөдө мындай мектептер көп болушу керек», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий