• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков бир катар өлкөлөргө расмий визит менен барат - алар кайсылар?

Президент 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Германия, Швейцария, Франция, Венгрия жана Азербайжанга расмий визит менен барат. Аталган мамлекеттерге баруу президенттин жакынкы иш планына киргизилген.

“Алар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кызматташуу чөйрөлөрүндөгү алакабызды бекемдей ала турган иш сапарлар болот деп күтүүдөмүн. Париж жана Рим шаарларында жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен Тышкы иштер министрлигине бекитилген бюджеттин ченеминде аталган шаарларда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу маселесин караштырууну тапшырам”, - деп билдирди президент.

Ал Америка жана Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти активдештиребиз деп ойлойм деди.

“Азыркы тапта Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жүрүп жатат.

Бул келишимди талкуулоодо эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу абзел”, - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий