• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков бир катар социалдык объектилердин имараттарын көрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-июнда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, облустагы курулуш иштери бүтө элек бир катар социалдык объектилердин имараттарын көрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушу бүтө элек имараты тууралуу маалымат берди. Анын айтымында мектептин азыркы имараты типтүү эмес объект катары салынган бала бакчанын мурдагы имараты болуп саналат. Азыркы тапта эки нөөмөт менен 386 бала билим алат.

«Имараттын курулушу мындан 20 жыл мурда эле башталып, каражаттын жетишсиздигинен токтоп калган. Учурда Кош-Коргон айылында жалпы билим берүү мекемесине болгон муктаждык чоң. Жаңы долбоорго ылайык мектеп 350 балага ылайыкталган. Курулуш иштерине 23 млн сом керектелет», – деди министр.

Мамлекет башчы, Өкмөт ата мекендик билим берүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга курулушту кайра баштоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Премьер-министр ошондой эле Чүй районунун Ак-Бешим айылындагы Ж.Баласагын атындагы орто мектептин курулушу менен да таанышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында мектеп капталдык оңдоого муктаж. Долбоорго ылайык мектеп 504 балага ылайыкталганы менен, бүгүнкү күндө 180 бала билим алат. Мектепте толук кандуу билим алууга жетиштүү шарттар жок болгондуктан жыл сайын балдардын саны азаюуда. Учурда мектептин жылуулук түтүктөрүн жана бөлмөлөрүнүн баарын оңдоодон өткөрүү керек. Буга 14 млн сом каражат керектелет. Курулуш иштери каражат жоктугунан башталган эмес.

Сооронбай Жээнбеков аталган маселе чечилерин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш киргизүүнү тапшырды.

Андан ары Премьер-министр Чүй районунун Мээнеткеч айылындагы бала бакчанын курулушун көрдү.

Чүй районунун акими Каныбек Апасов маалымдагандай, бала бакчанын имаратынын курулуш иштери 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоордун сметалык наркы - 27 076 241 сом. Каражаттын жетишсиздигинен курулуш токтоп калган. Долбоор боюнча аталган бакча 70 балага ылайыкталып, курулуш иштерине 20,5 млн сом керектелет.

Өкмөт башчы аталган объекттин курулушун улантуу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков андан ары Кемин райондук аймактык ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Медициналык мекеменин башкы дарыгери Алмаз Назарбек уулунун маалыматында, оорукана 1991-жылы курулуп, 85 бейтапка ылайыкталган. Ооруканада терапиялык, инфекциялык, хирургиялык, төрөт жана реанимациялык бөлүмдөрү бар. Мындан сырткары диагностикалык борбор, дарыкана жана райондук өлүккана да иштейт. Ооруканада 17 дарыгер, 49 мед айым жана 47 кичи персоналдар эмгектенет.

«Акыркы 15 жылда оорукана капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ошондой эле материалдык-техникалык базасы жаңыланууга муктаж. Үч кабаттуу оорукананы капиталдык реконструкциялоо үчүн 18млн сом талап кылынат», – деп маалымдады башкы дарыгер.

Премьер-министр палаталарды, оорукананын имаратын көрүп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган медициналык мекеме боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Жумушчу сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Кемин районундагы ишкер Василий Пятибратовдун фермердик чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Чарба уйдун Голштин пародасын өстүрүү менен алектенет. Чарбада 100 баш ири мүйүздүү мал жана Симентал пародасындагы 12 бука бар. Күн сайын Токмок жана Кант шаарларына 280 литр сүттү чыгарат. Бүгүнкү күндө фермердик чарбаны реконструкциялоо жүргүзүлүүдө. Өкмөт башчы мындай чарбалардын санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өз кезегинде жергиликтүү бийлик максималдуу колдоо көрсөтүүгө тийиш экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий