Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын санариптешкен борборунун ачылышына катышты.
"Бул борборго ыкчам маалыматтар түшүп турат. Укук коргоо органдары окуя болгон жерлерине дароо барып, кылмыштын бетин ача алат", - деди Жээнбеков.
Президент билдиргендей, бул борбордун ачылышына өкмөт каражат бөлүп берген.
"Бирок 5 млн долларлык техникалык жана программалык базаны кытайлык компания берди. Ал үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий